Америкадан бардык унаалар үчүн: жолдогу унаа кырсыгына катышкандыгын, сууга чөккөндүгүн, ээлеринин санын, канча жолу сатылгандыгын, чыныгы пробегин ж.б. параметрлерин текшерүү үчүн машиненин VIN-номурун киргизиңиз.
Carfax безкоштовно

Vin-отчет (CarFax): Vin-отчет (CarFax): Auction Auto кардарлары үчүн бекер

Унааны толук текшергенден кийин гана АКШдан машинени сатып алууга тиешелүү болот. Аны CarFax(Карфакс) отчетунун жардамы менен өткөрсө болот, ал отчет- АКШнын жана Канаданын кыймыл каражаттардын маалыматтарынын улуттук базасы, анын ичине бардык кыймыл каражаттарынын бүт бойдон маалыматтар киргизилет. Ошол отчет- акылуу, бирок биздин компаниянын кардарлар үчүн таптакыр бекер берилет. Мындан тышкары, Карфакска унаанын толук фотоотчету кошо тиркелет.

Карфакс отчеттун жана фотоотчеттун мисалдары( ушундай сыяктуу файлдар сиздин электрондук почтага жиберилет):

CarFax деген эмне? Карфакс отчету эмнеге керек?

Пайдаланылган унааны сатып алганга чейин толук текшерүү үчүн эң ылайыктуу ыкма-бул Карфакс. Техникалык абалын сүрөттөр боюнча даана баалаганга мүмкүнчүлүгү болбогон машинелерди ээлеп кетиргенге Карфакс керек. Отчеттко бүт бойдон маалымат киргизилет, чыныгы пробегинен баштап, жол кырсыктарынын тарыхы, ТТСларга барганы жана адистердин түшүндүрмөлөрү менен чогуу. Маалыматтар базага тейлөө станциялардан, унаа салондорунан, камсыздандыруу компаниялардан, мамлекеттик мекемелерден, полициядан жана башка уюмдардан берилет. Башкача айтканда, бул документке бардык боло турган жазуулар кирет. CarFax(Карфакс) отчету акылуу- ал 4,95 $ турат. Бирок, биздин клиенттер үчүн ал бекер, анткени унааны текшерип жатканда, отчетту сурам- биздин менеджерлерге милдеттүү түрдө талабы.

CarFax(Карфакс) отчету жана анын мазмуну

Бул кириш бөлүгү, анын ичине унаа боюнча жалпы маалымат кирет, бүт отчеттун чакан конспекти болуп. Мында унаанын техникалык маалыматтарын табасыз, дагы сөзсүз көңүл бура турган, өтө маанилүү нерселер белгиленет.

Vehicle Information же унаа каражаты жөнүндө маалымат- Бул бөлүккө машине жөнүндө жалпы маалымат кирет: маркасы, модели, унаанын түрү, отундун түрү, привод жана VIN-код. Ошол жерде унаанын комплектациясы боюнча толук маалымат алганга үчүн шилтеме бар.

Көңүл буруңуз: Ар бир унаада аукциондун адистеринен берилген өзүнүн сертификаты бар, ал унаага менчигинин түрүнө, бузулугунун мүнөздүсүнө жана жалпы абалына(Clean Title, Salvage) байланыштуу чыгарылат. Сертификаттын аталышын Сиз Branded Title жазуусунун маңдайынан көрө аласыз. Эң жайылган сертификат-бул Salvage, ал жол кырсыгына катышкан жана кээ бир техникалык бузуктарга ээ болгон унааларга берилет.

Эми ар бир жазуусун талдайбыз:

  • Branded Title: Salvage – унаа жол кырсыгына түшкөн жана техникалык бузуктарга ээ болгон унааларды билдирет. Көңүл буруңуз: Бузуктардын түрүнө жана укук белгилөөчү документтерге карап, аукциондор унааларга ар кандай сертификаттарды берет( Salvage, Clean Title ж.б.). Ошондуктан Branded Titleде ар кандай белгилер болушу мүмкүн.
  • Damage Report – бузуктар жөнүндө отчет.
  • Previous owners – ээсинин саны
  • At least 1 open recall – унаа өндүрүүчүдөн минимум бир кайра чакырып алуу кампания болгондугун билдирет.
  • Types of owners – унаанын ээлигинин түрү. Аукционго унаалар жеке колдонгондон кийин жана такси кызматтарында, полицияда, жеткирүү сервистеринде ж.б. колдонуу түрлөрүндөн кийин түшөт.
  • Last report odometer reading – одометрдин(унаанын пробеги) акыркы көрсөтүүсү.

Канча ээси болгон

Ушул блокто мурунку ээлери боюнча маалымат жетиштүү. Сол жакта алгачкы ээси жөнүндө маалыматтар чогултулган: ээ болгондугун жылы, унаа кандай максаттарга колдонулган, ээлөөнүн мөөнөтү, машине пайдаланылган шаары(штат), бир жылга саналган орточо пробеги жана одометрдин акыркы көрсөтүүсү. Оң жакта ушундай эле маалыматтар көрсөтүлөт, бирок экинчи ээсине караштуу. Ээлеринин санына жараша, бөлүктө ылайыктуу мамычалардын саны болот. Унаанын ээлерини саны боюнча шектер болсо, бул маалымат өтө пайдалуу болот.

Унаа каражаттын абалы

Ар бир ээси колдонуп жүргөн убагында унаа каражаттын абалы боюнча протоколду ушул бөлүктө таба аласыз. Ар бир мамыча бир ээсине жооп берет. Жогорку блок кызыл илеп белгисине ээ болсо (ALERT!), анда алдынкы блокту ыкылас изилдеш керек, анткени анын ичинде маанилүү маалымат бар, көбүнчө жол кырсыктарга же башка маанилүү окуяларга тиешелүү.

Кошумча маалымат

Ушул отчеттун мисалын карап чыкканда,унаа эч кандай окуяга түшбөгөнү көрүнөт. А эми экинчи ээси ушул унаа менен жол кырсыгына түшкөн, аны "Жалпы маалымат" (Vehicle Report) бөлүгүндө билсе болот. Ошол окуянын жыйынтыгында, Копарт аукционунун адистери машинеге Salvage сертификатын беришкен, ал унааны АКШнын аймагында ремонттоо рентабелдүү эместигин билдирет. Мындан тышкары, Total Loss Report статусуна көңүл буруш керек, аны сөзмө-сөз "калыбына келтирүүгө болбойт" деп которсо болот. Бирок, деталдуу карасак, чындыкта унааны калыбына келтирүүгө болот деген түшүнүк келет. Total Loss Reported коопсуздук жаздыгы иштеп кеткен машинелерге берилиши мүмкүн. Анткени, АКШнын мыйзамдары боюнча, коопсуздук жаздыктары менен жабдууланган унаа каражаттарынын бир жаздыгы эле иштеп кетсе, кемчиликтер оңой жоюлса деле, жолдордо пайдалынса болбойт. Демек, ушундай коркунучтуу "диагнозу" менен унаа, чындыгында эң жакшы абалында болушу мүмкүн, а анын ремонту 200-300 $ га эле чыгат.

Деталдуу маалымат

Отчеттун акыркы бөлүгүндө унаанын ар бир ээси боюнча маалымат чогулган,атап айтканда: унааны сатып алуунун датасы, ээси алмаштырылганда пробегтин көрсөтүүсү, маалыматтардын булактары көрсөтүлөт, дагы ээлери жөнүндө кошумча маалымат. Ушул блокто сиз машине кайсы станцияларда тейленгени,кандай ремонт иштери өткөнү, эмнелер алмаштырылганы ж.б. маалыматтарды биле аласыз. Ушул бөлүктө адистердин тыянактары жана түшүндүрмөлөрү берилет. Кошумча, камсыздандыруу компаниялардын отчетторун жана полициянын жыйынтык маалыматтарын табасыз. Башкача айтканда, ушул бөлүктө унаа боюнча толук маалымат чогулган.

Акысыз отчеттор болобу?

Негизи отчет акысыз болбойт. Мисалы, кээ бир сервистер аны сунуш кылышса, көбүнчө Сизге биринчи бөлүктөгү маалымат берилет, башкача айтканда- жалпы маалымат, машиненин абалы жана тарыхы боюнча түшүнүктү бербейт. Акысыз техникалык отчетту бизден гана аласыз, анткени унааны текшерүү процессинде, биз ошол отчетту сатып аласбз, бирок биздин кызматтардын наркына аны киргизбейбиз. Маалымат базанын сервиси- бул мамлекеттик деңгээлинде корголуп турган жеке менчик, демек акысыз боло албайт.

Атлантік Експрес

Суроолор калдыбы?

Биз жооп бербеген суроолор болсо- Auction Auto компаниясынын адистерине кайрылыңыз. Машине сатып алуудан мурда отчетту сатып алуу зарыл. Отчеттон тышкары, биздин эксперттер, өзүнүн билимине жана тажрыйбасына таянып, машинени тандап жатканда, текшерүүнүн уникалдуу ыкмаларын колдонушат. Биздин менеджерлердей сатып алуунун алдында, эч ким ошончо ийне-жибине чейин жана терең унааны текшерип чыкпайт. Эгер сиз Бишкекке же Кыргызстандан ар бир башка шаарына АКШдан унааны сатып алууну кааласаңыз, анан жыйынтыганда көп эмес акчага жакшы машине келсин деп ойлосоңуз, анда бизге кайрылыңыз.