Америкадан унаа сатып алуу кандай өтөт: Америкадан пайдаланылган автоунааны сатып алуунун этаптары: АКШнын аукциондорунан унааны тандап жана соодалашуудан, Кыргызстанга жеткирип жана бажыдан чыгарууга чейин. АКШдан унааны пайдалуу сатып алуу
Как купить авто в США

АКШдан унаа сатып алуу: Сатып алуунун этаптары

АКШдан пайдаланылган унааны Кыргызстанда сатып алуу- бир нече этаптардан турган жол-жобо. Auction Auto "ачкычка чейин" кызматын берет. Биз клиенттерге Американын унаа аукциондорунан эң пайдалуу сунуштарды тандап беребиз, унааны сатып алабыз, документалдык коштоону аткарып беребиз жана унааны жеткирип, бажыдан чыгарууга жардам беребиз.

Пайдаланылган унааны сатып алуунун этаптары

  • Унааны издөө жана аяккы наркын чыгаруу
  • Келишим түзүү
  • Унаанын тарыхын текшерүү
  • Унаанын тарыхын текшерүү
  • Унааны АКШдан Кыргызстанга жеткирүү
  • Бажыдан чыгаруу жана унааны каттатуу
Стоимость авто в США

Унааны издөө жана аяккы наркын чыгаруу

Бизге кайрылганда, АКШнын аукциондорунан унааны сатып алуу боюнча кызыктырган суроолорго жооп аласыз.Бюджет жана унаага коюлган талаптар аныкталганда, биз АКШнын аукциондорунан туура келген сунуштарды издеп баштайбыз: Copart, Manheim, IAAI, Cars.com ж.б.. Эң мыкты варианттарды биз сизге Whats App жана башка ыңгайлуу ыкмалар аркылуу жиберебиз, ошолордун ичинен сатып алууга эң туура келгендерди чогуу тандайбыз.

Аукциондун баракчасынан сиз дагы өз алдынча унааны тандай аласыз.

Көбүрөөк кызыктырган сунушка аяккы наркы чыгарылат. Анын ичине бардык чыгымдары кирет, милдеттүү аукциондук жыймдары менен, жеткирүүгө жана бажыдан чыгарууга каражаттары менен, биздин кызматтарыбыз жана керек болсо ремонттоого. Демек автоунааны сатып алууга чейин сиздин колуңузда "колго ачкыч" сыяктуу бардык чыгымдарынын тизмеси болот. Кандай суммаларды жана алдыда эмне үчүн төлөшү керегин сиз дароо эле көрөсүз, ошол эсептин негизинде унааны сатып алуу боюнча чечимди чыгарасыз.

История автомобиля по Vin номеру

Договор түзүү

Сиз биз менен кызматташтык боюнча чечимге келгенден кийин, биз кызматтарды берүү боюнча договор түзөбүз. Договордо тараптардын укуктары жана милдеттенмелери жазылат, анын юридикалык күчү бар. Бул эмне үчүн керек? Келишим тараптарынан алган милдеттенмелердин аткарылышынын кеплидиги болот. Алсыз биз соодалоого катыша албайбыз жана унааны сатып алууга зарыл жол-жоболорду өткөрө албайбыз.

Договор түзгөндүгү менен камсыздандыруу депозит берилет.

Предоплатасыз иштейбиз. Камсыздандыруу депозит деген эмне?

Розділ містить ввідну інформацію, виступає таким собі конспектов усього звіту. Тут вказується загальна характеристика автомобіля, а також найбільш важливі дані на які варто звернути увагу.

Інформація про ТЗ (Vehicle information) - загальні дані транспортного засобу: модель, VIN-код, тип авто, двигун та пальне, на якому він працює, а також привід. Тут можна перейти за посиланнями, де вказана повна комплектація авто.

  • Биз унаа үчүн же кызматыбыз үчүн предоплатаны албайбыз, бирок соодалоого катышуу үчүн камсыздандыруу депозит зарыл.
  • Камсыздандыруу депозит утуп алынган унаадан баш таркандыктан кепилдикке керек (утуп аланган унааны сатып алууга баш тарткандыктан, аукциондор биздин компанияга унаанын баасынан 10%ден жогоруу штраф салат).
  • Камсыздандыруу депозиттин кайтарылышы- Унааны аукциондон сатып алгандан кийин, камсыздандыруу депозити жалпы нарктын ичине кирет. Унааны аукциондук соодалоого чейин сатып алуудан айнысаңыз, камсыздандыруу депозити сизге толук көлөмүндө кайтарылат. Унааны макулдашылган баага сатып албай калсак, сиз үчүн консультация, унааны тандоо жана текшерүү, же аукционго катышуу бекер.
Сколько владельцев было у автомобиля

Унаанын тарыхын текшерүү

Машиненин кемчиликсиздигине 100% ишенгенден кийин гана, биз соодалоого киребиз. Текшерүү бир нече этаптардан өткөрүлөт:

  • Аукциондо берилген сүрөттөрдү көрүнмө баалоо;
  • Carfax жана Autocheck техникалык отчетторду текшерүү;
  • Унааны өздүк каналдары боюнча текшерүү;
  • Зарылдык болсо, АКШдан адистин эксперттик баллону заказ кылабыз, ал унаанын абалын "чек лист" боюнча кошумча текшерет жана баалайт.

Биздин тажрыйбабыз минималдуу ремонт же такыр ремонту кереги жок унааларды издеп тубууга мүмкүнчүлүгүн берет. Сүрөттөр бузулууларды баалаганга мүмкүндүк берет. Carfax(Карфакс) жана Autocheck(Авточек) техникалык отчетторундун ичинде АКШнын улуттук маалымат базасынын унаанын VIN-коду боюнча бүт маалыматтары бар. Алардын ичине техникалык кароо, камсыздандыруу учуру, ээси, пробег, техникалык абалы жана башка маалыматтар киргизилет. Текшерүү унаанын чыныгы абалын билгени жардам берет.

Состояние авто по ВИН коду

Соодалоого катышуу

АКШдан унааны сатып алуунун кийинки этапы- соодалоо. Аукциондун жүрүшүнүн байкоо сиз үчүн зарыл эмес, анткени биз максималдуу боло турган коюмду макулдашабыз. Мисалы, жеткиликтүү суммадан ашып кетсе, биз соодалашоодон чыгабыз. Ошондо биз туура келген унааны издөөгө кайтабыз. Ылайыктуу(макулдашылган баага) унааны сатып алганга чейин биз жумушту токтотбойбуз. Бул 5чи же 10чу аракеттен болуп калышы мүмкүн, анткени сатып алуу аукциондо өтөт, ошондуктан биз тандаган машинага дагы канча адам соодалашат алдын айталбайбыз.

Унааны утуп алгандан кийин, анын наркын жана аукциондук жыйымын договордо белгиленген мөөнөттө (3 сутка) төлөшү зарыл. Ал үчүн сиз банкка кайрыласыз жана аукциондун эсебине SWIFT-төлөмдү өткөрөсүз.

Доставка авто из США

Унааны АКШдан жеткирүү

Америкадан Кыргызстанга унааны жеткирүү бир нече этапта өтөт:

  • аукциондун аянтчасынан эң жакын жиберүү портко ташып алып баруу;
  • деңиз менен жеткирилүү портуна алып келүү, көпчүлүктө Литвага(Клайпеда). Башка портторго жеткирүүнүн наркын жеткирүүнүн баракчасында көрсө болот;
  • Кыргызстанга темир жол менен ташып жеткирүү;

Жеткирүүнүн орточо мөөнөтү- 2 айдан жогоруу. Жеткирүүнүн наркы унаа АКШнын кайсы штатта сатып алынгандан, анын габариттеринен жана кабыл алуу пункттунан көз каранды болот.

Дагы, иштетилген логистикалык байланыштардын аркасы менен, биздин компания жүктү дүйнөнүн ар бир жерине сизге ыңгайлуу ыкма менен жеткирип бере алат.

История обслуживания авто на СТО

Бажыдан чыгаруу

Пайдаланылган унаа Америкадан Кыргыз Республикасынын аймагына келгенден кийин, ал тиешелүү түрдө бажыдан чыгарылыш керек. Ошол үчүн бажы органга кайрылуу зарыл, анда арызды толтурушу жана документтердин топтомун бериши керек, анын ичине милдеттүү түрдө паспорт жана инвойс кирет. Бажыдан чыгаруу процедурасынын убагында төлөнө тургандар:

  • бажылык жыйымдары (4 эсептик көрсөткүч 2008-2016 ж.ч. унаалар үчүн, 6- 2015тен жана жогоруу);
  • бирдиктүү коюм кыймылдаткычтын см3дин санынын көлөмүнө көбөйтүлгөндөн эсептелип чыккан бажылык пошлинасы жана салыктары;

10.07.2018де унаа каражаттарды бажыдан чыгаруунун төмөндөгөн коюмдары боюнча 2018 жылдын 26 июлда чыккан жобо күчүнө кирди. Анын ичинде бекитилген бажылык жыйымдары жана бажылык алымдардын жана салыктардын бирдиктүү коюмдары 2019 жылдын 31 декабрга чейин иштейт.

AuctionAuto

АКШдан унааны сатып алуу боюнча суроолор калдыбы?

Алдынкы тууралу суроолор:

  • пайдаланылган автоунааны АКШдан сатып алуу боюнча
  • Copart(Копарт), Manheim(Манхейм), Иншуренс(IAAI), Cars.com аукциондорунан унааны сатып алуунун шарттары
  • АКШдан Бишкекке же Кыргызстанга унааны жеткирүүнүн жолдору
  • кайсы унааларды сатып алуу пайдалуу
  • пайдаланылган унааны жаңы жеңилдетилген тарифтер боюнча бажыдан чыгаруу ж.б.

Биз менен байланышкыла, ар бир маселе боюнча консультация беребиз жана Америкадан унааны пайдалуу сатып алганга жардам беребиз.

Дүң сатып алуучулар үчүн: Америкадан унааларды ташып жеткирүү чөйрөсүндө кызматташтыкка чакырабыз.

Америкалык унааларды сатуу бизнесине киргенге каалоочуларга атайын маалымат. Биз 12 жылдан ашык иштеп келе жаткан тажрыйбабыз менен бөлүшөбүз. Беларуска, Украинага, Россияга, Грузияга, Литвага, Казахстанга биз кардарларга миңдеген унааларды жеткиздик, эми биз кубанычабыз менен жумушубузду Кыргызстанда улантабыз. Мыктылардан үйрөнгөнгө даярсыңарбы?- кызматташтыкка билдирмени жибергиле.