АКШдан УНААНЫ САТЫП АЛУУ ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕНИ БИЛИШ КЕРЕК. ЖАЙЫЛГАН СУРООЛОРГО ЖООП БЕРҮҮЛӨР.

АКШдан унааны кантип сатып алса болот, Кыргызстанга унаанын кантип жеткирсе болот, бажылык жеңилдиктер боюнча ж.б.

FAQ: АКШдан УНАА
Эмне үчүн АКШдан унаа- пайдалуу? Себеби эмнеде?
Кыргызстанда АКШдан унаалар- бул шайкеш акчага сапаттуу пайдаланган машинени мыкты мүмкүнчүлүк. Америкалык унаалар "жаш" кезинде салыштырмалуу аз пробегтери менен, бай комплектацияда сатылат. Бир аз бузулуулар бар машинелер, европалык же азиялык унаа базарларында машинелери менен салыштырганда сезилгидей арзаныраак. Унаанын классынан жана сегменттен жараша, баанын айырмасы 15-50 % болушу мүмкүн.
АКШдан жана Грузиядан унаалардын айырмасы эмнеде?
Грузиянын базарында ушул эле АКШдан унаалар сатылат, негизги айырмасы- ошол машинелердин көбүнчөсү кийинки алып сатууга алынат. Ошондуктан АКШдан арзаныраак унаалар сатып алынат, демек- катуу бузуктары менен. Ошондо, сатып алуучуга машиненин чыныгы абалы жөнүндө билүү кыйын болот; кандай жана кантип ремонт жазалганы билбендиктен, начар абалында унааны сатып алууга мүмкүн, эгерде сатууга бүтүн болуп чыгарылса деле. Биз унааны АКШдан түз алып келебиз, эч кандай сатып алуунун алдында даярдоосуз, демек аукциондон унаанын сатып алынган абалын көрө аласыз. Мындан тышкары, Грузия- суунун астында жүрүп чыккан (сууда чөккөн) машинелердин негизги сатып алуучу болгону белгилүү. "Сууда чөккөн" унааларды сатып алууга эч качан болбойт, анткени машинелер жараксыздыкка бат келет: электроникасы такыр иштебей калат, аларды дат басат, 1-2 ай колдонгондон кийин унаа бузулуп баштайт.
АКШда жалаң бузулган унаалар сатылабы?
Жок. Америкалык базарда бүтүн машинелерди сатып алуу мүмкүн. Жол кырсыктарынан жана башка окуялардын кийиин унааларды сатып алуунун себеби алардын наркынан чыгат. Бузуктары бар америкалык унаа сатып алуучуга арзаныраак чыгат: сатып алынган баасын, жеткирүүсүн жана ремонттосун кошконда дагы санаганда. Америкадан даяр пайдаланылган машине Европадан же Азиядан эң башынан бүтүн унаадан арзаныраак болот. Таптакыр бүтүн жана бузуксуз унаа АКШда аукциондо кымбатыраак турат, демек бажыдан чыгаруудан жана жеткирүүдөн кийин жалпы баасына таасир кылат. Эгерде Америкадан бүтүн машинени сатып алса, Кыргызстандын баалары менен салыштырганда үнөмдөө 20-25 % болот, бузуктары бар унааны сатып алса, үнөмдөө 30-50 % болот.
Кандай машинелерди сатып аласыз?
Менеджердин милдети ар кандай аргасы менен машинени саттуда эмес, а өз кардары үчүн пайдалуу баага сапатту унааны тандап берүүдө. Унааны тандап жатканда, биздин кызматкерлер, көп жылдардын ичинде иштеп чыгарылган, так эрежелерге колдонмо кылып алышат. Кардарга кайсы бир вариантты сунуштаганга чейин, менеджер машиненин жакшы абалында болгондугуна ишенин керек, бардык керектүү маалыматтырды текшериш керек жана сатып алуунун пайдалуулугун анализ кылыш керек. Ошонун баарын аткаргандан кийин, менеджер ойнотулган лотту кардарга сунуштайт. Эгерде, мониторинг учурунда, унаа тандоонун критерийлерине ылайык болбогону билинсе, анда менеджер ошол унаадан баш тартат жана башка вариантты издеп баштайт.
Аукциондо унааны кантип текшересиңер?
Унааны текшерүү процесси- бул компаниянын интеллектуалдык менчиги. Бирок, унааны тандоонун жалпыга жетимдүү туруктуу эрежелер бар. Компаниянын жеке иштеп чыгарылган ыкмалардан тышкары, унааны тандоо процессинде, менеджер машинени сүрөттөр боюнча деталдуу сыртынан карап чыгыш керек. Мындан кийин милдеттүү түрдө CarFax жана AutoCheck техникалык отчеттор заказ кылынат, машиненин тарыхы жана абалы ички берилмелер базасынан текшерилет. Менеджердин акыркы кадамы- унааны кайра алып сатуунун тарыхын изилдөө, жол кырсыктарын жашыруу аракеттерин табуу ж.б.. 100% ишенимдүүлүгү болгондо гана, менеджер унаага соодалашууну сунуштаганга жана баштаганга мүмкүнчүлүгү бар
Эмне деген депозит жана эмне үчүн алынат?
Депозит- бул утуп алынган унаадан баш тартпаганга жана договордо белгиленген убакытта унаа үчүн төлөбөгөндөн камсыздандыруу төгүмү. Америкалык аукциондорунда өз айыптардын системасы бар. Сатып алуу жагынан аукциондун талаптыры аткарылбаса, айыптар колдолонулат. Сатып алуучу- бул сиздин атыңыздан соодалашууга катышкан биздин компания болот. Айыптар колдонолуучу кырдарлары- утуп алган лоттон баш тартуу, унаанын акысын төлөөнүн кечиктирүү же сатып алуучу жагынан башка шарттарды бузуу.
Депозиттин көлөмү, ал эмнеге байланыштуу?

Депозиттин көлөмү машине турган аукционго жана анын баасына байланыштуу. Машиненин баасы 10 000 доллардан ашпаса, белгиленген депозити- 1000 доллар. Машиненин баасы 10 000 доллардан ашса, депозиттин суммасы аукциондун негизинде түзүлөт, анын өлчөмдөрү:

  • Copart аукционунда- комиссиялык жыйымы менен, машиненин наркынан 10%;
  • IAAI-Insurance аукционунда- комиссиялык жыйымы менен, машиненин наркынан 15%;
  • Manheim Аукционунда- комиссиялык жыйымы менен, акыркы баадан көз карандысыз, унаанын наркынан белгиленген 20%;

Машиненин болжолдуу наркын менеджер соодалоонун башталышына чейин айтат, ошондон кийин депозиттин керектүү өлчөмүн айтат. Айтылган жана чыныгы баалардын айырмасы, кадыресе 5-10% ашпайт. Эгерде унаа аукциондон утуп алынса, депозиттин суммасы унаанын аукциондогу акыркы наркынын ичине кирет.

Депозит кайсы учурларда кайтарылат?
Унааны сатып алуудан айныса, а содалоо биздин компания менен утуп алынбаса, ошондо камсыздандыруу депозит кардарга кайтарылат. Дагы кардарга депозитти кайтаруу учуру- эгерде компания тандап алууну жана машинени сатып алууну договордо белгиленген убакытта аткарбаса. Кардар кааласа, башка унааны сатып алууга кайтарган договор түзүлгөндө, депозит кайта колдонулса болот.
Кайсы учурларда депозит КАЙТАРЫЛБАЙТ?
Аукциондон утуп алынган унаанын акысын төлөгөндөн баш тартса, кардар депозиттин кайтарылышын талап кыла албайт. Мындан тышкары, договордо белгиленген убакытта- 3 жумуш күнү, машиненин наркын төлөбөсө, депозит кардарга кайтарылбайт.
Кандай кепилдиктерди бересиңер?
Договордо жазылган, өзүнө алынган милдеттенмелерди аткарууга компания кепилдикти берет. Кол коюлгандан бери, договордун юридикалык күчү бар. Компаниядан жана кардардан милдеттенмелер аткарылгандан кийин гана, договор күчүн жоготот. Договордо бардык сандар жана убакыттар жазылат, кардарга кызыктуу машине/машинелер боюнча маалыматтар белгиленет, жеткирүүнүн варианттары киргизилет жана башка кызматтар жазылат. Договор эки экземплярда түзүлөт жана эки тарапта тең сакталат.
Кызматтардын кандай түрлөрүн бересиңер?
АКШдан унааны сатып алууга жана аны Кыргызстанга жеткирүүгө бардык зарыл кызматтардын жыйындысы кирет. Алардын ичинде- аукциондо унааны тандоо, текшерүү, сатып алуу, жеткирүү, документалдык коштоо, брокердик жана экспедитордук кызматтары, бажыдан чыгарууга жардам, учетко коюу, ремонттодо жардам, кам (белен) тетиктерди издөөдө жана жеткирүүдө жардам. Дагы "колго ачкыч" кызматы бар.
"Колго ачкык" эмне деген кызмат?
"Колго ачкык" кызматын Кыргызстанга АКШдан унааны сатып алууга жана жеткирүүгө бардык зарыл кызматтарын аткаруу деп түшүнсө болот. Ушул кызматты заказ кылганда, кырдардан таптакыр күч жумшоо жана өз алдынча аракети кереги жок. Колдонгонго толугу менен даяр унааны заказ берүүчүнүн дарегине чейин жеткирүү "колго ачкыч" кызматына кирет.
Auction Auto компаниясынын кызматтардын наркы канча?
Биздин кызматтардын наркы, сатып алынган унаанын наркына, классына, түрүнө жана жашына көз карандысыз- белгиленген 750 АКШ доллары.
Бишкекке, Кыргызстанга АКШдан унааны жеткирүүнүн баасы канча?
Машинени жеткирүүнүн наркы Американын эң жакынкы портунан алыстыгына жана унаа каражатынын түрүнө көз каранды. Машинени жеткирүүнүн наркы договор түзүлүшүнө жана соодалоо башталгангыча чейин кардар менен макулдашууланылат. Кыргызстанга АКШдан унааны жеткирүүнүн жалпы наркы орточо 3000-3500$ болот.
Кыргызстанга АКШдан унааны жеткирүүнүн убагы канчага созулат?
Кыргызстанга АКШдан унааны жеткирүүнүн убагы болжол менен 2,5-3 ай.

Кыргызстанга АКШдан унааны жеткирүүнүн убагы кийинки факторлордон көз каранды:

  • Машиненин АКШнын аймагында эң жакынкы жиберүү порттон алыстыгы
  • АКШдан унаа жиберилип жаткан дайындалган порту
  • Аба ырайынын шарттары, кеменин толгондугунун деңгээли, порттордун жана бажы кызматтарынын жумуштуулугу

Кыргызстанга АКШдан унааны жеткирүү АКШнын Чыгыш жээгинен Клайпеда(Литва) портуна кеме менен өтөт. Андан кийин, унаа Бишкекке темир жолу менен же унаа ташуучу машине менен алып келинет. Аба ырайынын шарттары жакшы болсо, Литвага кеменин келишинин мөөнөтү 35-50 күн. Литвадан(Кдайпеда) Бишкекке жеткирүүсү- 2ден 4 айга чейин өтөт(унаа ташуучу машине/ же темир жол). Кошумча, биздин компания унааны дүйнөнүн ар бир жерине жеткире алат. Ошол учурда, жеткирүүнүн наркы жана мөөнөттөрү индивидуалдуу түрдө сүйлөшүлөт.

Жеткирүүнүн процессин өзүм көзөмөлдөсөм болобу?
Ооба, Кыргызстанга сиздин машинеңиздин жеткирүү процессин көзөмөлдөй аласыз. Атайын ушуга биздин сайтыбызда көзөмөлдөө сервиси бар. Ал үчүн унаанын VIN- кодун киргизүү эле керек, анан сиз унаа менен контейнердин ушул заматтагы турган жерин көрөсүз.
Бишкекке келгенден кийин, мен эмне кылыш керекмин?
Кыргызстанга машине келгенден кийин, кардар аны тосот. Ээси өзү келбесе, анда машине түшүрө алына албайт. Кардарга машинеге тайтл(техпаспорт), аукциондон унааны утуп алынуу боюнча чек жана экспедитордук кызматтары аткарылышы боюнча чек берилет.
Бажыдан чыгаруу канча турат?
Кыргызстанда бажыдан чыгаруу 20 эсеге төмөндөдү, 2018 жылынын 10 июлдан №317 Өкмөттүн токтому боюнча эсептелет. Токтом боюнча толугураак маалыматты ушул жерден биле аласыз. Бажыдан чыгаруунун наркын ушул шилтемеде бажыдан чыгаруунун калькулятору аркылуу биле аласыз.